
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры 21–27-апрель күндөрү Новокузнецк шаарында гастролдук спектаклдерин тартуулайт.
Иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин Бүткүл россиялык гастролдук-концерттик планынын алкагында, РОСКОНЦЕРТ колдоосу менен уюштурулууда.
Көрүүчүлөр театрдын белгилүү чыгармаларын — “Мастер и Маргарита”, “Вий”, “Үч эже-сиңди” жана башка спектаклдерди көрө алышат.
Бул гастролдор кыргыз театрынын эл аралык деңгээлдеги чыгармачылык байланышын кеңейтүүгө жана жаңы аудиторияга таанылууга шарт түзөт.