
Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.
Тиешелүү тескемеге ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Президенттин фондунан 4 млн 848 миң сом бөлүү тапшырылды.
Жардам төмөнкү категорияларга берилет: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, концлагерлердин жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундары, ошондой эле Ленинград блокадасынын мезгилинде эмгектенген жана тиешелүү сыйлыктарга ээ болгон жарандар.
Бул чечим ардагерлерди колдоо жана алардын эмгегин урматтоо максатын көздөйт.