
Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу мамлекеттик институт жаңы Ош базарынын курулушунда колдонулуп жаткан конструкциялык материалдардын сапатын текшерди.


Көчмө текшерүү Бишкектин түндүк тарабындагы Достук айылынын жанында курулуп жаткан соода-базар комплексинде жүргүзүлүп, адистер темир-бетон конструкцияларынан үлгүлөрдү алып изилдешти.
Жыйынтыгында тиешелүү протоколдор даярдалат.
Белгилей кетсек, жаңы базар азыркы Ош базарына салыштырмалуу болжол менен 5 эсе чоң болуп, соодагерлер үчүн бардык шарттар каралган. Курулуш иштери Президенттин Иш башкармалыгынын көзөмөлүндө жүрүүдө.