
17-апрелде Бишкекте жумушчу кесиптер боюнча «WorldSkills Kyrgyzstan 2026» III Улуттук чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарада расмий өкүлдөр чемпионаттын маанисине токтолуп, ал жаштардын кесиптик өнүгүүсүнө жана жумушчу кесиптердин аброюн жогорулатууга чоң салым кошорун белгилешти.
Улуттук турда 23 катышуучу “Ширетүү технологиясы”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” багыттары боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, алардын ичинен Кыргызстандын курама командасы түзүлөт. Алар 2026-жылдын сентябрында Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган дүйнөлүк WorldSkills чемпионатына катышат.