
17-апрелде Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тармагындагы тарифтик саясат боюнча жумушчу жолугушуу өттү.
Анда экономикалык жактан негизделген тарифтерди түзүү, керектөөчүлөр менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын тең салмактоо, тарифтик саясаттын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана эсептөө механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин №320 токтомуна киргизилген акыркы өзгөртүүлөр каралып, тарифтерди коомдук талкуулоо жана чыгымдарды так эсептөө талаптары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты.