
Кыргыз Республикасында Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) миссиясы ишин баштап, 23-апрелге чейин уланары кабарланды.
Миссиянын алкагында Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев менен KfWнин улук портфелдик менеджери Томас Финкен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшү жана келечектеги кызматташуу багыттары талкууланды. Өзгөчө Ош жана Талас шаарларында перинаталдык борборлорду куруу маселесине көңүл бурулду.
Тараптар Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун жакшыртууга багытталган иштер уланарын белгилешти.



