
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ош шаарында баңгизат таратуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
2026-жылдын 8-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган А.И.Т. аттуу жарандын жанынан “гашиш” баңгизаты табылган.
Андан кийинки иш-чаралардын жыйынтыгында анын кылмыштуу шериги деп шектелген 1976-жылы туулган Ш.Н.А. аттуу жаран кармалган.



