
Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушуп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди.

Ал райондо мал чарбачылыгы негизги киреше булагы экенин белгилеп, учурда фермерлер “Айыл чарбасын каржылоо–14” долбоорунун алкагында 55 млн сом жеңилдетилген насыя алганын айтты.
Сугат суу тармагында “Кара-Гуз – Кеңеш” жана “Ак-Тектир” каналдары боюнча ири долбоорлор ишке ашары, ошондой эле насос станциялары курулары белгиленди. Таза суу менен камсыздоо иштери да уланууда.
Жол инфраструктурасында 65 чакырым жол асфальтталып, быйыл дагы 40 чакырым жолду оңдоо пландалууда.
Мындан тышкары, мектеп, бала бакча, ФАП жана спорт объекттерин куруу иштери жүрүп жатканы айтылды.
Президент билим берүү тармагын өнүктүрүү, мугалимдерди колдоо жана кадр жетишсиздигин жоюу маселелерине өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.



