
УКМК Чүй облустук ИИБ менен биргеликте Иссык-Көл облусунда баңгизат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн токтотту.
Операциянын жүрүшүндө баңгизат сатуу каналы аныкталып, уюштуруучулар «А.С.К.» жана «К.Т.Н.» кармалды.
Текшерүүдө баңгизат даярдоочу лаборатория табылып, 10 кгдан ашык аралашма жана химиялык заттар алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.



