
Мээрим Жуманазарова Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Жарым финалда ал кытайлык атаандашы менен 1:1 эсебинде күрөшүп, акыркы упайды алгандыктан жеңишке жетти. Балбан кыздар 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда.
Белгилей кетсек, Жуманазарова буга чейин вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде утуп, ишенимдүү түрдө кийинки баскычка өткөн.