
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулуштагы сертификациялоо республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарындагы И. Раззаков көчөсүндө жайгашкан оор бетон аралашмаларын чыгаруучу заводдо көчмө текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өндүрүштүн технологиялык процесси талданып, чыгарылып жаткан продукциянын белгиленген техникалык талаптарга шайкештиги бааланды.
Мындан тышкары, сертификациялык сыноолорду өткөрүү үчүн бетон аралашмаларынан үлгүлөр алынды.
Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукцияны колдонууга уруксат берүү же талаптарга жооп бербейт деген чечим кабыл алынат.
Курулуш материалдарынын сапатын көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу органдардын өзгөчө көзөмөлүндө турат.