
Бишкекте автобуста дагы бир тартип бузуу фактысы катталып, жүргүнчү аял айдоочуга желим стакан ыргыткан.
видео
Шаардык транспорт ишканасынын маалыматына ылайык, окуя 6-апрелде болгон. Анда жүргүнчү автобустун алдыңкы эшигинен түшүүгө аракет кылган. Айдоочу коомдук транспортто белгиленген эрежеге ылайык, кирүү алдыңкы эшик аркылуу, ал эми түшүү арткы эшиктен жүргүзүлөрүн түшүндүргөн.
Бирок буга нааразы болгон аял ачууланып, айдоочуну көздөй колундагы желим стаканды ыргыткан. Андан соң ал автобустан түшүп кеткен.
Бул окуя коомдук транспорттогу тартип маселесин дагы бир жолу көтөрүп, жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турумуна көңүл буруу зарылдыгын көрсөтөт.
Эскерте кетсек, буга чейин дагы окшош окуя катталып, аялдама жок жерден автобусту токтотууну талап кылган жаранга протокол түзүлгөн.