
Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун жарым финалында Айпери Медет кызы атаандашын мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсебинде жеңди.
76 килограмм салмакта күрөшүп жаткан балбан эми финалда алтын медаль үчүн таймашат.
Эске салсак, Медет кызы буга чейин да кытайлык атаандашын утуп, финалга ишенимдүү жеткен.