
Республика боюнча бүгүнкү күндө 95 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинде тракторлор, соколор, үрөн сепкичтер, малалар, жер семирткич чачкычтар, арык казгычтар, жер тегиздегичтер, трактор чиркегичтери жана башка жабдуулар камтылган.
Аймактарда жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүлүп, техникаларды оңдоо жана техникалык кароодон өткөрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук иштерге даяр абалга келтирилди.
Учурда жалпы даярдык 89% түзөт. Негизги техникалар боюнча тракторлордун, соколордун, үрөн сепкичтердин жана башка агрегаттардын даярдыгы 88–92% деңгээлде. Талаа иштерине 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңге жакын себүүчү агрегат тартылууда.