
5-апрелде Кытай аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Кыргызстандын түштүк аймактарында да сезилди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Иркештам айылынан 47 чакырым түндүк-батышта, ал эми Ош шаарынан 175 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер силкинүүнүн күчү Иркештам, Нура жана Икизяк айылдарында 3 баллга чейин жеткени белгиленди.