
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейд учурунда өлкөгө мыйзамсыз ташылып келе жаткан ири көлөмдөгү товарларды аныктады.
видео
Текшерүүдө жүк ташуучу унаадан коштомо документтери жок дары-дармектер, медициналык буюмдар жана ар кандай азык-түлүк табылган. Алдын ала эсеп боюнча, алардын жалпы баасы 12 миллион сомдон ашат.
Бул факт боюнча материалдар конфискация маселесин кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.