
Ош шаарындагы жеке менчик мектепте болгон окуя боюнча мугалимге жана окуучунун ата-энесине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, окуядан кийин мугалим ата-энеге арыз жазган, андан соң ата-эне да мугалимдин үстүнөн даттанган. Тергөөнүн жүрүшүндө видеокөзөмөл камераларындагы жазуулар каралган.
Анда мугалимдин окуучуларга карата туура эмес мамиле жасаганы жана педагогикалык талаптарды бузганы аныкталган. Ошондой эле окуучунун энесинин мугалимге карата аракеттери да катталган.
Бул факт боюнча мугалимге баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо, ал эми ата-энеге бейбаштык беренеси менен иш козголду. Тергөө иштери уланууда.