
Кыргызстандын бокс боюнча Улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Стамбул шаарында өткөн Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament мелдешинде жеңүүчү болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, турнир 29-марттан 5-апрелге чейин Стамбул шаарында өттү. Анда мушкер 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде өзбекстандык Тилав Супоновду жеңип, чейрек финалда австралиялык Дарси Омаллейди утту. Жарым финалда германиялык Денис Бриль менен кез келип, аны 5:0 эсебинде жеңип финалга чыкты.
Чечүүчү финалда ал украиналык Иван Завадскийди калыстардын бир добуштан чечими менен 5:0 эсебинде утуп, турнирдин чемпиону аталды.