
АКШнын Мичиган штатында 30 миң литр күйүүчү май ташыган бензовоз жол кырсыгынан кийин күйүп кетти. Бул тууралуу Fox News өрт кызматына таянып билдирди.
видео
Маалыматка караганда, жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа U.S. 131 трассасында эртең менен кырсыкка кабылган. Бензовоз тосмого урунуп, андан соң өрт чыккан. Жалынды өчүрүү үчүн атайын көбүк чачуучу техника колдонулган.
Жергиликтүү өрт кызматынын өкүлү Жек Джонсон билдиргендей, цистернада болжол менен 30 миң литр (8 миң галлон) бензин болгон. Өрт узак убакыт күйүп, кийин гана көзөмөлгө алынган.
Окуядан улам трассанын бир нече тилкеси убактылуу жабылган. Кырсыктын себептери азырынча тактала элек, ошондой эле тазалоо иштерине канча убакыт кетери белгисиз.