
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандарды мамлекеттик мекемеге фиктивдүү түрдө жумушка орноштуруу фактысы аныкталды.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын башында Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылынын тургундары О.А.О. жана Т.у.А. «Тангабийке-Бердике» балдар бакчасына жумушка кабыл алынган. Бирок алар иш жүзүндө эмгек милдеттерин аткарбай, мезгил-мезгили менен айылдан узак убакытка чыгып кетип турушкан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө маалында аталган жарандардын ишке чыкпаганы, ал эми алардын жумуш убактысын эсепке алуу табелдери жасалма толтурулуп, айлык акылар мыйзамсыз төлөнүп келгендиги аныкталган. Балдар бакчасынын директору Т.Т.Э. күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген 750 миң сом зыянды толугу менен ордун толтурду.