
Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча 38 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү өткөн жылдын 2-сентябрында жарандардын биринин ишенимине кирип, ага 3 электротележка жана 1 электролобзик алып берүүнү убада кылган. Бул үчүн ал 185 миң сом акча алган.
Тараптар товарды үч ай ичинде жеткирип берүү боюнча келишим түзүшкөн, бирок бүгүнкү күнгө чейин убада аткарылган эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.