
Ош шаарында ата-эне тарабынан мугалимге кол көтөрүлгөн окуя коомдук талкуу жаратты. Бул боюнча жабыркаган мугалим Анара Чалова өзүнүн версиясын айтып берди.
видео
Социалдык тармактарда буга чейин окуучунун ата-энеси мугалимди жаакка чапкан видео тараган. Окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Мугалимдин айтымында, окуучу сабак учурунда бир нече жолу тартип бузуп, класстан чыгып кетип жүргөн. Ушундан улам ал ата-энесин мектепке чакырган. Бирок мектепке келген ата-эне жагдайды тактабай туруп, мугалимге карата орой мамиле кылып, кол көтөргөн.
Анара Чалова бул учурда денесине зыян келтирилип, абийирине шек келтирген сөздөр айтылганын белгиледи. Ал тиешелүү органдар окуяга укуктук баа берип, анын укуктарын коргошу керектигин кошумчалады.