
Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте 2026-жылдын июнь айына чейин азык-түлүк жарманкелери өткөрүлүүдө. Иш-чараларга дыйкандар, жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана кол өнөрчүлөр катышып, товарларын ортомчусуз, жеткиликтүү баада сунуштоодо.
Жарманкелер негизги азык-түлүк менен камсыздоону жакшыртууга, бааларды турукташтырууга жана ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган.
Бишкектеги жарманкелер ар дем алыш күндөрү Т. Усубалиев атындагы аянтта, И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Эркиндик бульварында өткөрүлөт.



