
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын лейтенанты М.Н.М. кармалды.
Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдоо жолу аркылуу шектүүдөн жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгымды «М Банк» электрондук капчыгы аркылуу төлөп берүү шылтоосу менен 37 миң сом каражатты ээлеп алган. Кылмыштын изин жашыруу максатында ал акча каражаттарын өзүнүн таанышына котортуп, кийинчерээк аны өзүнүн жеке электрондук капчыгына кайра которууну суранган.
Учурда бул факты боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.