
2026-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ж.К. Шабданбеков жана КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Н.К. Орунтаев катышты.
Мамлекеттик курулуш саясатынын артыкчылыктуу багыттары катары туруктуу жашоо чөйрөсүн калыптандыруу, архитектура жана шаар куруу тармагын өнүктүрүү, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба жана инженердик инфраструктураны модернизациялоо маселелери белгиленди.
Жаңы бала бакча УКМК кызматкерлеринин, башка укук коргоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин балдары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу мектепке чейинки билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган. Мекеме заманбап билим берүү мейкиндигинде сапаттуу тарбия алууну каалаган бардык балдар үчүн ачык болуп, ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн балдарынын ортосунда достук мамилелерди бекемдөөгө жана социалдык интеграцияга өбөлгө түзөт.
Жыйынтыгында, келечек муун жетишилген жетишкендиктерди улантып, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошот деген ишеним билдирилди.