
Кыргыз Республикасынын аймагында 2026-жылдын июнь айына чейин белгиленген күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлүүдө. Ага жергиликтүү өндүрүүчүлөр, дыйкандар жана кол өнөрчүлөр катышып, социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларын сунушташууда.
Белгиленген графикке ылайык, 2-апрель күнү Ош облусунун Араван районунда азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Анда дыйкандар өздөрү өндүргөн продукцияларды базар баасынан арзан баада сунушташты.
Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары жетиштүү көлөмдө болуп, тартыштык байкалбайт. Жарманкелер калкка сапаттуу азык-түлүктү жеткиликтүү баада сунуштоо максатында өткөрүлүүдө.
Жарманкеге катышуучулар үчүн төмөнкү талаптар белгиленет: сунушталган продукция сапаттуу жана санитардык нормаларга жооп бериши керек, баалар базар баасынан төмөн болушу зарыл, ошондой эле райондук агрардык башкармалыктын тастыктоочу документи болушу милдеттүү.