
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Ак-Булак айылында жайгашкан мал союучу жайга Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мониторинг жүргүзүлдү.
видео
Текшерүүнүн жүрүшүндө 15 баш бодо мал союлгандыгы аныкталып, алардын ветеринардык күбөлүктөрү, идентификациялык кулак биркалары жана ЖИКС системасынан чыгарылышы толук көзөмөлгө алынды. Ошондой эле малдын ички органдары текшерилип, санитардык талаптарга өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, жаңыдан курулган бул мал союучу жай заманбап талаптарга жооп берип, керектүү шарттар менен камсыздалган. Малдар ветеринардык-санитардык нормаларды сактоо менен атайын жайларда кармалат.
Жыйынтыгында жайдын иши талаптарга шайкеш экени жана жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып жатканы белгиленди.
Мындай мониторингдер өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.