
Жалал-Абад облусунда 2026-жылы 500 гектардан ашуун аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Демилге БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) «Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.










Сузак районунда жалпы 294 гектар жер өздөштүрүлүп, анын 224 гектары айыл аймактардын аз өндүрүмдүү жерлери, 70 гектары мамлекеттик токой фондунун жерлери болуп саналат. Бул аймактарга грек жаңгагы, мисте, жапайы алма жана алча сыяктуу көчөттөр отургузулат.
1-апрелде Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылында 21 гектар жерге жаңгак-мөмө бак плантациясы түптөлдү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ФАО жана башка өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоор жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө, жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого багытталган.
Жалпысынан CS-FOR долбоору көчөттөр менен камсыздап, тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга көмөктөшүп, жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча окутууларды өткөрүүдө.
Токойлорду калыбына келтирүү көмүртектин сиңирилишин жогорулатып, экосистемалардын туруктуулугун камсыздоого жана климаттык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт.