
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2-апрелде Кыргызстан аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, тиешелүү күчтөр тарабынан өчүрүлдү.
Өрттөрдүн эң көбү Чүй облусунда катталып, алты учур белгиленген. Мындан тышкары, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 2, Талас облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы орун алды.
Өрттөрдү өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулар ыкчам аракет көрүшкөн.
ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугун сактоого жана этият болууга чакырат.