
Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышты.
Маалыматтарга караганда, чек ара кызматтарына аны өлкөдөн чыгарбоо боюнча тиешелүү буйрук берилген.
Белгиленгендей, Токторбаев 1-апрелде жана ага чейин Ички иштер министрлигинде сурак берген. Бирок сурактын себеби азырынча расмий айтыла элек, ИИМ бул боюнча маалымат бере элек.
Социалдык тармактарда анын мэр болуп турган мезгилинде мэриянын карызы жана ишкерлердин төлөмдөрүн ала албай жатканы тууралуу да маалыматтар тараган.