
АКШ “Artemis-2” миссиясынын алкагында Ай багытындагы пилоттолгон учууну ишке ашырды. Бул 1972-жылдан бери адам катышкан алгачкы Ай миссиясы болуп саналат.
Чет элдик басылмалар жазгандай, Флорида штатындагы Канавералдан “Orion” космостук кемеси учурулду. Анын бортунда төрт астронавт — Рид Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана канадалык Жереми Хансен бар.
Маалыматка ылайык, экспедиция болжол менен 10 күнгө созулат. Экипаж Айды бир айланып чыгып, кайра Жерге кайтып келет. Учуу учурунда алар болжол менен 406 миң чакырым аралыкты басып өтүшөт.
Бул миссия NASAнын “Artemis” программасынын маанилүү баскычы болуп эсептелет. Анын негизги максаты — жакынкы жылдары адамдарды кайра Айга кондуруу.