
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.
Жыйынтыкка ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), өсүмдүк майы (1%), картошка (0,7%), уй жана кой эти (0,5%) кымбаттаган. Ал эми баш пияздын баасы 0,5% төмөндөгөн.
Казакстанда баалардын өсүшү көбүрөөк байкалган. Айрыкча кой эти (12,5%), сабиз (10,6%), макарон (3,5%) жана уй эти (3,2%) кымбаттаган. Ошол эле учурда пияз (1,5%) жана ун (0,8%) арзандаган.
Россияда да айрым азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган. Сабиз (2%), жумуртка (1,4%), эт (0,5–0,6%), кант (0,5%) жана өсүмдүк майы (0,3%) кымбаттаганы белгиленди.
Министрлик жүргүзгөн мониторинг аймактагы азык-түлүк бааларынын динамикасын көзөмөлдөөгө жана ички рыноктогу абалды баалоого багытталган.


