
2026-жылдын 26-мартына карата республика боюнча жазгы талаа иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жазгы айдоо иштеринин жалпы планы 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Азыркы учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7% аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп.
Аймактар арасында Баткен облусу алдыда болуп, план 36,5% (24,5 миң га) аткарылган. Чүй облусунда 107 миң гектар (25,8%), Ош облусунда 43,8 миң гектар (24,2%) жер айдалды. Жалал-Абад облусунда план 11%, Ысык-Көлдө 1,5%, Таласта 0,3% аткарылган. Нарын облусунда айдоо иштери али баштала элек.
Жазгы эгин себүүнүн жалпы планы 519,3 миң гектарды түзүп, учурда 115,6 миң гектарга (22,3%) себүү жүргүзүлдү. Анын ичинде буудай 34,6 миң гектарга (34,9%), арпа 80,5 миң гектарга (32,6%) себилген. Жүгөрү себүү иштери азырынча баштала элек.
Башка айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча: картошка 66,4 миң гектар план менен 2,7 миң гектарга (4,1%) эгилди. Жашылча өсүмдүктөрү 0,1 миң гектарга, ал эми күрүч 0,005 миң гектарга себилди. Кант кызылчасын себүү негизинен Чүй облусунда жүргүзүлүп, 14,5 миң гектар пландын ичинен 0,4 миң гектарга (2,76%) себилди.