
Иран АКШ тарабынан болушу мүмкүн болгон чабуулга жооп катары коргонуу чараларын күчөтүп, миллиондон ашуун адамды мобилизациялаганы кабарланууда.
Маалыматтарга ылайык, АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн учактары Бириккен Араб Эмирликтеринин асманында маневр жасап, мүмкүн болгон операцияга даярдык көрүп жатканы айтылууда. The Wall Street Journal басылмасы журналисттеринин билдиришинче, АКШ жакын арада Иранга карата аскердик аракеттерди башташы ыктымал.
Ал эми CNN маалымдагандай, Тегеран Харк аралындагы коргонуу системаларын күчөтүүдө. Бул арал аркылуу өлкөнүн мунай экспортунун негизги бөлүгү өтөт. Маалыматтарга караганда, аны көзөмөлгө алуу Ирандын негизги экономикалык ресурстарын чектөөгө багытталган.
Ошондой эле АКШ жана Израиль тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялар 28-февралдан бери уланып жатканы айтылууда. Бул аралыкта тараптар бири-бирине сокку уруп, чыңалуу күчөгөн.
Чыр-чатактын кесепетинен Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдары дээрлик токтоп, дүйнөлүк рынокто мунай жана газдын баасы кескин жогорулаганы белгиленүүдө.