
Словакияда премьер-министр Роберт Фицого карата иликтөө башталганы кабарланды. Буга анын Украинага электр энергиясын берүү токтотуу чечими себеп болгону айтылууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Sloboda a Solidarita оппозициялык партиясынын лидери Бранислав Грёлинг укук коргоо органдары премьер-министрдин аракеттерин текшере баштаганын билдирген. Оппозиция өкүлдөрү буга чейин прокуратурага кайрылып, өкмөт башчынын чечиминде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекетке чыккынчылык белгилери болушу мүмкүн экенин айтышкан.
Арыз тиешелүү органдар аркылуу полицияга жөнөтүлгөн.
Эске салсак, Фицо февраль айында Украинага электр энергиясын берүү токтотулганын жарыялап, бул кадамды “Дружба” мунай кууру аркылуу транзиттин калыбына келбей жатканы менен түшүндүргөн.
Мындан мурда Украина 27-январда Россиянын мунайын өз аймагы аркылуу Словакия жана Венгрияга өткөрүүнү токтоткон. Расмий Киев бул чечимди инфраструктурадагы көйгөйлөр менен түшүндүргөн. Кийинчерээк, 18-февралда Словакия бийлиги чийки зат тартыштыгынан улам кризистик абал киргизип, Slovnaft мунай иштетүүчү заводу үчүн мамлекеттик резервден 250 миң тоннага чейин мунай бөлүүнү чечкен.
Словакия тарап түтүк иштеп жатканын белгилеп, жеткирүүнүн токтотулушун Киевдин саясий чечими катары баалап, мындай кадамды басым көрсөтүү катары мүнөздөгөн.