
,
Кыргызстандагы ишкерлер үчүн MBANK ишти оптималдаштырууга жана кошумча чыгымдарсыз төлөмдөрдү кабыл алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк сунуштайт. Анткени « Миллионго нөл пайыз » акциясы 2026-жылдын 31-мартына чейин узартылды!
Бул эмнеге сиздин бизнес үчүн маанилүү?
MKassa менен ишти баштоо оңой жана пайдалуу: POS-терминал жана ККМ сатып алууга чыгым жок, төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн алгачкы үч айда же жүгүртүү 1 000 000 сомго жеткенче комиссия алынбайт. Бул ишкерлерге чыгымдарга эмес, бизнесин өнүктүрүүгө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет.
« Миллионго нөл пайыз» акциясынын катышуучулары эмнелерди алышат?
Карта жана QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууга 0% комиссия;
Сатып алуу жана жеткирүү чыгымдары жок акысыз POS-терминал;
Автоматтык фискалдаштыруу менен акысыз ККМ;
MBANK аркылуу каалаган убакта акысыз которуулар.
Бул шарттар MKassa менен ишти баштоону мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ачык кылат.
MKassa — бизнесиңиз үчүн санарип жардамчы
Кызмат заманбап кассалык чечимди жана бизнес башкаруу платформасын бириктирет:
Карта жана QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу;
Соода түйүндөрүн жана кассирлерди башкаруу;
Онлайн отчеттор жана реалдуу убакыттагы аналитика;
Карта колдонбостон, алыстан төлөм кабыл алуу мүмкүнчүлүгү — кардарлар үчүн ыңгайлуу.
Эми бизнес толугу менен көзөмөлүңүздө — каалаган түзмөктөн жана ашыкча кыйынчылыксыз.
Кантип туташууга болот?
Акциядан пайдалануу үчүн Mkassa’га туташуу боюнча өтүнмө калтыруу жетиштүү. Бардык жаңы кардарлар автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болуп, санарип кызматтын бардык артыкчылыктарын баштапкы чыгымдарсыз алышат.
Туташыңыз жана толук маалымат алыңыз
MBANK — Биринчи санарип! КРУБ №014 лицензиясы.