
.
Умра сапарына чыга албай, Ташкент шаарында калган 100дөн ашуун кыргызстандыкка байланыштуу иштин алкагында туристтик компаниянын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы аял алдамчылыкка шектелүүдө. Текшерүү учурунда жарандар умра жолдомолорун «Нур Умра Трэвел» компаниясынан сатып алганы аныкталган.
Алдын ала маалымат боюнча, зыяратчылар «Умра» тиркемесине катталбастан, Ташкент аркылуу Сауд Арабиясына жөнөп кетүүгө аракет кылышкан.
Мындан тышкары, зыяратчылар видео кайрылуу жасап, компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар биринен кошумча 100 доллар талап кылганын билдиришкен.
Милиция кызматкерлери компанияга байланыштуу тинтүү жүргүзүп, ишеним каттарды, зыяратчылардын документтерин жана башка материалдарды далил катары алышкан. Шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтият аталган компаниянын умра сапарын уюштуруудагы мыйзам бузуулары боюнча эки акт түзгөнү маалымдалган.



