
.
Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча COP31 саммитинин алкагында Кыргызстандагы тоо туризминин өнүгүшүнө климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири талкууланды.
Иш-чара 14-ноябрда Кыргызстандын Улуттук павильонунда «Климаттын өзгөрүшү жана тоо туризми: жаратылыш мурастарын коргоо жана туруктуу келечекке инвестиция салуу» деген темада өттү. Аны Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик уюштурду.
Талкууда мөңгүлөрдүн эриши, тоолуу аймактардагы экосистемаларды сактоо, туристтик инфраструктуранын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатуу жана эл аралык инвестицияларды тартуу маселелери каралды.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кеңешчиси Санжарбек Болотов климаттын өзгөрүшү өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгиледи.
Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты жылдан-жылга кыскарууда. Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 348 сел катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу беш эсеге жакын көп. Мындай кырдаал туристтик маршруттардын коопсуздугуна, инфраструктурага жана жергиликтүү тургундардын кирешесине таасир этет.
Ошондой эле туризмди өнүктүрүү менен жаратылышты коргоо бирге жүргүзүлүшү керектиги айтылды. Бул багытта Соң-Көлдөгү экологиялык талаптарды сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экотуризмди өнүктүрүү жана ак илбирстин жашоо чөйрөсүн коргоо мисал катары келтирилди.
Ал эми Азия өнүктүрүү банкынын Жаратылыш жана айлана-чөйрө бөлүмүнүн директору Йоко Ватанабе туруктуу тоо туризмин өнүктүрүүдө эл аралык каржылоонун маанисине токтолду. Анын айтымында, банк өткөн жылы климаттык долбоорлорго 13,5 млрд доллар бөлгөн. Жалпы инвестицияларынын 23 пайызы жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.
Талкууга Түркмөнстан менен Азербайжандын өкүлдөрү да катышып, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда жаштардын жана жарандык коомдун ролу боюнча пикир алышты.
Жыйынтыгында Кыргызстан үчүн тоо туризмин өнүктүрүүдө туристтердин санын көбөйтүү менен гана чектелбестен, жаратылышты сактоо, жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатуу жана климаттык тобокелдиктерге даяр болуу маанилүү экени белгиленди.



