
.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин бийликке карата айткан сын-пикирине жооп берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана бийликти сындаганга эч ким тыюу салбайт. Бирок мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга жана аны уюштурууга жол берилбейт.
Алагөзов шайлоо процесси башталганына байланыштуу талапкерлердин ар кандай пикирлерди жана сындарды айтышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгиледи.
«Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, өзүнүн көз карашын билдирүүгө толук укуктуу. Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет», — деди ал.
Эске салсак, Сыймык Жапыкеев 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Ал буга чейин журналист Эрнис Кыязга маек берип, өлкөдөгү кымбатчылыкты, жакырчылыкты жана бийликтин ишин сынга алган.
Жапыкеевдин айтымында, Кыргызстанда элдин басымдуу бөлүгү карызга батып, азык-түлүк жана күйүүчү майдын баасы кымбаттаган. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк сапарларынан өлкө үчүн кандай экономикалык натыйжалар болуп жатканын сураган.
Сыймык Жапыкеев 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалып, аталган мекеме жоюлганга чейин беш ай иштеген.



