
.
Президент Садыр Жапаров Супер кж ге берген маегинде Ширшов тууралуу жооп берди:
"Мурдагыдай жеке финансылык кызыкчылыгы жок. Менин пикиримде, 11 жылдан кийин өзү туулуп-өскөн жерине кайтып келгенине эки дүйнө ыраазы. Мен да 4 жыл чет өлкөдө жашадым. Мекендин баркын жакшы билем. Миллиардер болсоң да, өз Мекениңе бир күнгө келе албасаң, миллиарддарыңдын деле кызыгы жок болуп калат.
5 жыл мурда Өмүрбек Бабанов менен баарлашып калдым. Ал да Сооронбай Шариповичтин убагында бир жыл Кыргызстанга келе албай жүрбөдүбү.
Ал: “Садыр Нургожоевич, өз өлкөңө келе албай жүрсөң, миллиард долларың бир тыйынга татыбайт экен. Тоолорду сагынат экенсиң, кичи мекениңди сагынат экенсиң, ошол үчүн камаса камасынчы деп 2020-жылы Кыргызстаныма баса бердим”, - деген эле.
Анын сыңарындай, Ширшовго да миллиарддары бир тыйын болуп калса керек. 11 жыл чет өлкөдө жүрүптүр.
Мен ага мындай дегем: “Силер 2005–2010-жылдары жакшы эле байыгансыңар. Эми мындан ары мамлекеттин байышына салым кошушуң керек. Эгер дагы деле баягы адатыңарды карматып, мамлекеттин эсебинен дагы да байыйм деп келген болсоң, анда жаңылышасың. Ордуң түрмө болот”, - дегем. “Мен жардам гана берем” деп сөз берип кеткен.
Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти.
Буга чейин бир топ жардамдарды берди. Аларды Токтогулда элдин алдында айттым. Азыр кайталап айтпай эле коёюн. Акыркы жолу социалдык программа экен деп 10 күн мурда МИКке (Мамлекеттик ипотекалык компания) 100 миллион доллар он жылга, үстөк пайызы жок насыя берди. Бул акча Каржы министрлигине түшүп, ал акчалар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулду. МИКке мен бул 100 миллион доллардын 50 миллион долларын өлкөбүздүн түштүк аймагындагы, 50 миллион долларын түндүк аймагындагы ипотекалык турак-жайларды курууга бөлүп берүү боюнча тапшырма бердим.
Негизи эле, республика боюнча кайсы тармакка каражат бөлүп бербейин, түштүк менен түндүккө бирдей бөлүп келе жатабыз. Эки регион тең бирдей өнүгүшү керек. Анткени калкыбыздын жарымы түштүктө болсо, жарымы түндүктө.
Өткөндө эл менен жолугушууда айтканымдай эле, он жылдан кийин бул каражат көп деле акча болбой калат. Инфляция деген бар. Эң негизгиси проценти жок",- деген ал.



