
31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү Бишкектеги «Адинай» паркында «Жүрөк Fest — Жүрөк марафону» иш-чарасынын алкагында акысыз медициналык текшерүү уюштурулат.
Иш-чараны Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору өткөрөт.
Текшерүүдөн өткөндөр кан басымын, кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин өлчөтүп, дене салмагынын индексин аныктата алышат. Ошондой эле кардиологдордон кеңеш алып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча маалымат алышат.
31-октябрда медициналык текшерүү саат 10:00дөн 16:00гө чейин, ал эми 1-ноябрда саат 08:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн марафонго катталуу талап кылынбайт.
Марафондун өзү 1-ноябрда саат 08:00дө башталат. Катышуучулар 3, 5 же 10 чакырым аралыкка чуркай алышат.
Марафонго катышууну каалагандар Kassir.kg сайты аркылуу каттала алышат.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты — сергек жашоо образын жайылтуу жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга көңүл буруу.



