
.
Франция курама командасынын капитаны жана Испаниянын «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе Кытайдын мурдагы лидери Мао Цзэдун тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, окуя футболчу катышкан француздардын The Bridge интернет-шоусунда болгон. Анда Мбаппеден өзүнүн катышуусундагы кайсы мем ага күлкүлүү көрүнөрү суралган. Футболчу анын жүзү Кытайдын мурдагы лидери Мао Цзэдундун сүрөтүнө кошулган мемди жактырганын айтып, аны «кытайлык диктатор» деп мүнөздөгөн.
Бул сөздөр Кытайда нааразычылык жаратып, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Андан соң бир катар кытайлык компаниялар, анын ичинде Dongpeng, Mengniu жана Milkground футболчу менен кызматташууну токтоткону кабарланган.
Мбаппе француз жана кытай тилдеринде билдирүү жарыялап, сөздөрү ойлонулбай айтылганын жана көптөгөн адамдардын көңүлүн оорутканын моюнга алган. Ал Кытай элин жана анын тарыхын урматтарын белгилеп, окуя үчүн өкүнүчүн билдирген.
Ошондой эле Испаниянын футбол лигасы La Liga кытайлык күйөрмандардын нааразычылыгына өкүнүчүн билдирип, футболчунун сөздөрү анын жеке пикири экенин жана уюмдун көз карашын чагылдырбай турганын белгилеген.



