
.
24-октябрда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде илимпоз, педагог жана жазуучу Кубатбек Жакыповдун чыгармачылык кечеси өттү.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, окумуштуулар, жазуучулар, адабият сүйүүчүлөр, автордун замандаштары, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Алардын арасында тарых илимдеринин доктору, профессор Октябрь Капалбаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскар Мадаминов, профессор, жазуучу Баяс Турал жана Кыргыз эл артисттери бар.
Кечеде Кубат Жакыповдун жаңыдан жарык көргөн «Сыр китеби» тааныштырылып, окурмандар үчүн автограф-сессия уюштурулду. Ошондой эле автордун ырларынан, учкул сөздөрүнөн, санат-насыят жана терме ырларынан, баталарынан түзүлгөн көркөм композиция тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө жазуучунун өмүр жолу, кыргыз билим берүүсүнө жана маданиятына кошкон салымы тууралуу сөз болуп, чыгармалары көркөм окулду.
Мындан тышкары, Кубат Жакыповдун сөзүнө жазылган «Дил кайрык», «Боз торгоюм», «Апакем», «Студент кызга» жана «Сени издедим» сыяктуу обондуу ырлар аткарылды. Ырларды эмгек сиңирген артисттер Айбек Карымов, Гүлзат Байзакова жана ырчылар Азиза Адиева, Роза Шакирова, Айнура Салахиддинова, Нурсултан Кыдыралиев, Рысбек Жунушов ырдашты.
Кеченин соңунда аксакалдар бата берип, Кубат Жакыповго чың ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.



