
Кыргызстан айыл чарба продукцияларын 80ден ашык өлкөгө экспорттоп, экспорт көлөмүн туруктуу көбөйтүп жатат.
Кыргызстан 60тан ашуун айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө экспорттойт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорттогу үлүшү 13,3% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу (8,8%) өстү.
ЕАЭБ өлкөлөрү негизги соода өнөктөштөр бойдон калууда. Экспорттун көлөмү 17,1 млрд сомду түзүп, анын ичинен Россияга 7,8 млрд сомдук эт-сүт азыктары, жашылча жана мөмө-жемиштер жеткирилген. Казакстанга да ушундай эле көлөмдө продукциялар экспорттолгон.
Беларуска 1,5 млрд сомдук эт-сүт азыктары, тоют жана макарон продукциялары, ал эми Арменияга 13 млн сомдук жашылча, жаңгак жана эт азыктары жөнөтүлгөн.
Бул көрсөткүчтөр өлкөдө айыл чарба продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын айгинелейт.