
.
Үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан Орусияга 85,2 тонна колбаса азыгы экспорттолду. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн (13,7 тонна) алты эсеге көп.
Мындан тышкары, кыргызстандык колбаса азыктары ЕАЭБге мүчө дагы бир өлкө — Казакстанда да жогорку суроо-талапка ээ. Аталган өлкөгө ушул мезгил аралыгында 106 тоннадан ашык колбаса продукциясы экспорттолгон.