
Кыргыз-кытай кызматташуусу аркылуу кесиптик билим берүү борбору ачылып, заманбап жабдуулар берилди.
2026-жылдын 28-апрелинде Республикалык илимий-методикалык борбордо Борбор Азиядагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун ачылышы жана кытай тараптан заманбап техникалык жабдууларды тапшыруу аземи өттү.
Иш-чара мурда түзүлгөн меморандумдун уландысы болуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталды.
Ага агартуу министринин орун басары, Республикалык илимий-методикалык борбордун жетекчилери жана кытай тараптын өкүлдөрү катышты.
Жаңы жабдуулар окуу процессин жакшыртып, санариптик контент даярдоого жана онлайн окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, кесиптик билим берүү тармагын өнүктүрүү жана кадр даярдоо боюнча мындан аркы кызматташуу пландары макулдашылды.