
Бишкекте унаасын күч түзүмдөрүнүн кызматтык унаасына окшоштуруп жасалгалаган айдоочуга чара көрүлдү.
Маалыматка ылайык, айдоочу унаасына мыйзамсыз түстүү-графикалык чаптамаларды чаптап, аны оперативдик унааларга окшош кылып өзгөрткөн.
Натыйжада унаа айып короого киргизилип, айдоочуга тиешелүү протокол түзүлдү.