
Чүй облусунда жол эрежесин одоно бузган айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
видео
Маалыматка ылайык, Ала-Арча–Бишкек жолунда Toyota RAV4 айдоочусу каршы тилкеге чыгып, авариялык абал жараткан. Окуянын видеосу интернетке тараган.
Айдоочу аныкталып, унаа айып короого токтотулду.