
Кечээ, 31-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Chyngyz Aidarbekov Ички иштер министрлигинде сурак бергени маалым болду. Анын кайсы иш боюнча суралганы азырынча белгисиз, ИИМ расмий маалымат бере элек.
Эске салсак, 10-мартта Kubanychbek Kongantiev депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округунан Айдарбеков келиши керек болчу.
Бирок мандат берүү кечеңдеп, БШК бул маселени ИИМден маалымат күтүлүп жатканы менен түшүндүргөн. Өз кезегинде Айдарбеков мандат негизсиз кармалып жатканын билдирген.