
Президент Садыр Жапаров улуттук валюта сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын кабарлап, бул тарыхый күн экенин айтты.
"Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек. Эми, тескерисинче, башка мамлекеттердин акчасын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар", — деп жазды өлкө башчысы.
Президент, мындан тышкары, паспорт, айдоочулук күбөлүк өңдүү документтер жогорку сапатта чыгарылып жатканын белгилеп, башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүү мүмкүнчулүгү пайда болгонун коушмчалады.
"Учурда бир нече мамлекеттердин буйрутмасын алып жатабыз. Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот. Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес. Ал эми баасы жеткиликтүү болот", — деди Жапаров.